«РСК банк» уставдык капиталын 800 млн сомдон ашык акчага көбөйтөт

19.11.2021, 10:27 Акчабар
«РСК банк» уставдык капиталын 800 млн сомдон ашык акчага көбөйтөт

18-ноябрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “РСК Банктын” акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм катталды. Бул тууралуу маалымат биржанын соода жыйынтыгы боюнча бөлүмдө жайгаштырылган.

Колдо болгон маалыматка караганда, келишим биринчилик рынокто жасалган. Жалпысынан компаниянын 1 миллион 769 миң 972 баалуу кагазы 1 акциясы 500 сомдон сатылган. Ошентип, мамлекеттик банк транзакциядан 884 миллион 986 миң сом пайда тапты.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик банктын 31-октябрга карата каржылык отчетуна ылайык уставдык капиталы 2 миллиард 494 миллион 198 миң сомду түздү. Ошентип, баалуу кагаздар чыгарылгандан кийин “РСК Банктын” уставдык капиталы 3 миллиард 379 миллион 184 миң сомду түзөт.

Тэги: РСК Банк уставной капитал госбанк фондовый рынок акции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу