«РСК Банк» каржылык кызматтарды көрсөтүүдө Face ID системасын ишке киргизди

09.12.2021, 11:32 Акчабар
«РСК Банк» каржылык кызматтарды көрсөтүүдө Face ID системасын ишке киргизди

“РСК Банк” ААК Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу документтерди чогултуп-топтоонун заманбап технологиясын ишке киргизди. Мындан ары финансылык кызматтарды көрсөтүүдө Банк кардар үчүн бардык керектүү маалым каттарды Face ID системасы аркылуу чогулта алат.

Бул “Мамлекет платформа катары” платформалык чечиминин негизинде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин IGov концепциясы (Innovative government - инновациялык өкмөттүн модели) алкагында Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктүн аркасында мүмкүн болду.

Кызматты алуу үчүн “РСК Банктын” бөлүмүнө паспорт менен кайрылуу зарыл. Адис-оператор кардардын биометрикалык маалыматтарын жазып толтуруу менен “Түндүк” жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Мында ал өзү керектүү маалым каттарды тандап, документтерди чогултуу процессин көзөмөлгө алат. Бардык чогултуу иши 10-15 мүнөттөн ашпайт.

“Мындай кызмат көрсөтүү Кыргызстандыктар үчүн банктык кызматтарды алууда эң сонун чечим болуп саналат. Эгерде, кардарлар мурда тиешелүү документ-кагаздарды топтоодо ар кандай мекемелерге барууга мажбур болгон болсо, эми ушул ишти банктан эле дароо буткөрүп алууга болот”, - дейт “РСК Банк” ААК башкармасынын төрагасы Азизбек Оморкулов.

“Түндүк” системасы аркылуу РСК Банк Мамлекеттик каттоо кызматынан, Социалдык фонддон, Бажы жана салык кызматынан, Юстиция министрлигинен, Экономика министрлигинен, Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинен жана башка уюмдардан документтерди бере алат.

“РСК Банк” ААК кардарлардын жашоо-тиричилигин жеңилдетүү үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу алкагындагы ишти тиешелүү деңгээлде мындан ары да уланта берет.

Тэги: РСК Банк Face ID госуслуги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу