Кыргызстандын Улуттук банкы 8-сентябрга карата валюталардын сомго расмий курсун жаңылады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Такталган маалыматтарга караганда, сомдун курсу АКШ долларынан башка бардык негизги валюталарга карата бекемделди.
Теңге эң көп (-0,52%) жоготуп, 0,1903 сомго бааланды. Андан кийин рубль 0,9007 сомго арзандаса, евро 0,09%га алсыздап 94,6574 сомду түздү.