Кыргызстандын Улуттук банкы 2-сентябрга карата валюталардын сомго карата расмий курсун жаңылады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Такталган маалыматтар боюнча, сомдун курсу казак теңгесине карата 1,15%га төмөндөп, 0,1934 сомду түздү.
Рубль улуттук валютага карата 0,62%га төмөндөп, 0,9195 сомдон, евро 0,17%га төмөндөп, 95,7424 сомду түздү. Доллардын курсу 88,2581 сомду түздү.