Рублдун сомго карата официалдуу курсу 1.05% төмөндөп 1.0351 сомду түздү. Кошумчалай кетсек, улуттук валютага карата рублдун төмөндөшү 15-августтан бери байкалууда. Бул жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарына таянуу менен билдирсе болот.
15-августтан бүгүнкү күнгө чейин рубль 3% төмөндөгөн.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айында жана 4-августунда рублдун курсу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн валюталарынын жана АКШ долларына карата төмөндөгөнү катталган.
Республиканын коммерциялык банктары тарыбан рублду сатып алуу 1.02 - 1.034 сом менен, сатуу 1.045-1.06 сом менен жүргүзүлүүдө.