Учурдагы Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкарадагы ишин улантуу менен катар, Кыргызстандын Израилдеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка бүгүн президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, Руслан Казакбаев 2022-жылдын ноябрь айынан тарта Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келет.
Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз.