Россия Беларусияга $600 млн насыяны жабууга берет

02.04.2019, 10:00 Акчабар
Россия Беларусияга $600 млн  насыяны жабууга берет

Россия  Беларусияга $600 млн кредитти Москвадан мурда алынган карызды жабуу үчүн берет. Бул тууралуу РФ Финансы министри  Антон Силуанов билдирди.

«Президент Владимир Путиндин чечими менен Россия Беларусияга мамлекеттик финансалык $600 млн кредитти берет. Бул каражаттар буга чейин РФ алынган насыянын негизги суммасын жабуу үчүн жумшалат»—деген Силуанов ТАСС агентигине .

Буга чейин Беларусиянын финансыминистри Максим Ермолович Минскинин Москвага кайрылып, 2019-жылы Россия менен карыздардын милдетин аткаруу үчүн  кайрадан каражат сурап кайрыларын билдирген. Бирок, марттын башында Беларусиянын президенти  Александр Лукашенко  Минск Москвадан карыз сурабайт деп айтып чыккан.  

Силуанов кошумчалагандай Минск апрелдин аягына чейин Евроазиянын туруктуу жана өнүктүрүү фонду тарабынан (ЕФСР)  карыздын жетинчи траншы которулуп, анын суммасы  $200 млн.

«Беларусия ЕФСР жетинчи транштагы кредиттери боюнча милдеттерди аткарууга ишендирди. Ошондуктан фонддун кеңеши карыз берүүгө макулдугун берди. Ошентип, Беларусия бюджетин теңдөөгө багытталган жетинчи карыздын траншын апрелдин аягына чейин ала алат»— деп билдирди министр. 

Берилген насыянын жалпы суммасы $2 млрд. Каражаттар Беларусиядагы реформаларга каралган. Бул келишимге Беларусиянын Финансы министри менен Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан 2016-жылы мартта кол коюлган.

Евразия өнүктүрүү банкы эл аралык уюм. Ал Россия менен Казахстандын демилгеси менен 2006-жылы негизделген. Банктын баштапкы капиталы $7 млрд.  Анын ишмердигине Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан, Россия менен Таджикистан катышат.

Тэги: Россия кредит Беларусь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу