Бишкекте бир чарчы метр 100 доллардан ашык баага кымбаттады

05.10.2022, 14:46 Акчабар
Бишкекте бир чарчы метр 100 доллардан ашык баага кымбаттады

Борбор калаада бир чарчы метрлик жердин наркы 100 доллардан ашык баага кымбаттады. Ушундай эле жагдай Ош шаарында да болууда. Бул тууралуу маалыматы Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемеси  тастыктады.

Бир чарчы метрдин наркынын эң тез өсүшү 1 бөлмөлүү батирлер секторунда байкалат. Былтыр 2021-жылдын сентябрь айында эң жогорку баалар 4 бөлмөлүү батирлерге – чарчы метри 760 доллар болсо, быйылкы жылдын сентябрь айында 1 чарчы метри 829 доллардан турган бир бөлмөлүү батирлер алдыга чыккан. Ош шаарында бир бөлмөлүү батирлердин чарчы метри жыл ичинде 180 долларга, 487 доллардан 667 долларга кымбаттаган.

Бишкекте батирлердин орточо баасы жыл ичинде 14,4%га, Ош шаарында 26,8%га кымбаттады.

Ал эми турак үйлөрдүн баасы туруктуу экендиги байкалууда. Былтыр сентябрда турак үйлөр Бишкек шаарында чарчы метри 857 доллар болсо, быйыл сентябрда 910 долларды түзгөн. Өсүү – 6,2%. Ошто бир жыл ичинде чарчы метр 51 долларга кымбаттаган.

"Кадастр" мамлекеттик мекемеси катталган келишимдердин аздыгынан кыймылсыз мүлктү ижарага берүү рыногуна анализ жүргүзбөйт. Белгиленгендей, эгерде ижара мөөнөтү үч жылдан аз болсо, бүтүмдөрдү каттабай коюуга мыйзам жол берет.

Тэги: новости Кыргызстана недвижимость рыночная стоимость ГУ "Кадастр"

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу