Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясына болгон төлөмдөрдү 77 тыйындан 50 тыйынга түшүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчы бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Маалым болгондой, 110 миң 518 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлөт. 27 тыйындык айырма мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылат.
Мындан тышкары, ал министрлер кабинетине жаңы жылдан кийин оор абалда калган үй-бүлөлөргө ун, кумшекер жана күн карама майы түрүндө азык-түлүк берүүнү карап чыгууну тапшырды.