Жаңы Жылдык майрамдарга байланыштуу кытай тараптын демилгесине ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү пунктары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү өткөрүү үчүн «Торугарт-автожол» өткөрүү пункту 4-январда, ал эми «Эркечтам-автожол» 2-январда ишин жандандат.
Эске сала кетсек, эки өткөрүү пункту тең өзгөчө алгоритм менен иш алып барышат.