2010-жылдан бери Кыргызстан чет элдик насыялардын үстөк пайызын төлөө үчүн бюджеттен 33 млрд 519 млн 858,3 миң сом бөлгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Анын 3 млрд 490 млн 86,37 миң сому ушул жылдын январь-ноябрь айларына чейин республика тарабынан пайыздарды төлөөгө бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, бул жылдар аралыгында чет өлкөлүк насыялар боюнча пайыздарды төлөөгө бөлүнгөн каражаттаржын суммасы 3,3 эсеге көбөйдү.