2015-жылдан бери 7,6 миңден ашык адам ипотекалык турак жай сатып алды

21.10.2022, 14:28 Акчабар
2015-жылдан бери 7,6 миңден ашык адам ипотекалык турак жай сатып алды

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөн 2015-жылдан бери 7 миң 606 адам 11 миллиард 840 миллион сомго турак жай сатып алган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Альянс” парламенттик фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди.

Анын айтымында, учурда жарандардын 15 миң 675 кайрылуусу кабыл алынып, 6 миң 741 адам өнөктөш банктарга кезекке турса, 236 арыз банктарда каралууда.

Талкууда “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев турак жайдын жеткиликтүүлүгүнүн коэффициентин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, МИКке эконом-класстагы социалдык турак жайларды куруу сыяктуу иш багытын өнүктүрүүнү сунуштады.

Парламентарий белгилегендей, мамлекет башчысы жакында эле сүйлөгөн сөзүндө мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилерди куруу үчүн жер бөлүп, инженердик тармактарды тартууга даяр экенин билдирген.

"МИК жана инвесторлор тарабынан турак жай куруу долбоорлорун ишке ашыруу турак-жайдын баасын төмөндөтөт, ал мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана эмес, бардык категориядагы жарандар үчүн насыя алууда жеткиликтүү болуп калат", - деп белгилеген Акаев өз кезегинде депутаттар ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты. 

Башкармалыктын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев МИК турак-жайды ипотекалык куруу маселеси боюнча иштеп жатканын, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен 300 гектар жерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

"Аянты 1 гектарга жакын жер тилкелерине МИК өз каражатына турак-жай курууну көздөп жатат, 1 гектардан ашык аймактарга кошумча каражат тартуу үчүн инвестициялык сынак жарыяланат", - деди Жээнбаев.

Тэги: Аида Тологонова ГИК Жанарбек Акаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу