Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында 10-майда өткөн аукциондо “Түндүк электр” ААКнын жөнөкөй акциялары менен ири келишим түзүлдү.
Бир бүтүмдүн жыйынтыгында акционердик коомдун 554 миң 826 даана баалуу кагаздары сатылган. Акциялар 138 миң 706 сомго бааланды. Бир нускасынын баасы 0,25 сом.
Бул “Түндүкэлектр” ишканасынын быйылкы эң ири акциясы. Ошол эле учурда, кайра уюштуруудан, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” менен биригүүдөн кийин баалуу кагаздар 22-марттагы келишим боюнча бир акция 0,27 сомдон 7,4%га арзандаган.
Кошумчалай кетсек, энергетикалык компаниялардын бир акциясынан түшкөн киреше боюнча 2021-жылдын аягында “Түндүк электр” ААКнын баалуу кагаздары эң жагымдуу болуп чыкты. 26-апрелде болуп өткөн жылдык жалпы чогулушта акционерлер таза пайданын 25% дивиденддерди төлөөгө чегерүү чечимине келишти. Бул баалуу кагазга 0,06 сомду түздү. Калган сумма ишкананын өндүрүшүн өнүктүрүүгө калтырылган.