Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен үч бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.
Аукциондун жыйынтыгында 427 даана акция бир адамга 362,9 миң сомго сатылды. Акциянын баасы 850 сомду түздү.
Белгилеп кетсек, февраль айынын башынан бери аэропорттун акциялары 10,5%га арзандады. 1-февралда бир акция 950 сом болсо, бүгүн 850 сомго чейин төмөндөдү.