Кыргызстанда август айында дизель майынын орточо баасы 70 сомдон ашты. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Ай башынан бери дизель майы 1,2% кымбаттады. Жыл башынан бери дизель майы 12 сомго, же 22%га кымбаттап, былтыркыга салыштырмалуу 48,4%га жогорулады.
Ошол эле учурда эң кымбат дизель майы Раззаков шаарында жана Баткенде катталып, литри 76,83 сом жана 76,3 сом болгон.
Ошол эле учурда август айында АИ-95 жана АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы июль айына салыштырмалуу жогоруласа, АИ-80 үлгүсүндөгү бензин, тескерисинче, 59,11 сомдон 58,93 сомго чейин төмөндөгөн.