Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 30,4% кымбаттады

28.11.2022, 15:18 Акчабар
Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 30,4% кымбаттады

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда дизелдик майдын баасы 17,67 сомго, же 30,35%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Эгерде ушул жылдын 3-январында республика боюнча дизелдик майдын литри орто эсеп менен 58,21 сомду түзсө, 25-ноябрда анын баасы 75,88 сомго жеткен. Ошол эле учурда былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дизель майы 19,71 сомго, же 53%га кымбаттаган. Өткөн апта, 25-ноябрда дизелдик майдын эң жогорку баасы Исфана шаарында 79,96 сом, Баткенде 78,55 сом жана Ноокатта 77,9 сом болгон.

Кошумчалай кетсек, эң арзан күйүүчү май Таласта 71,17 сом, Кара-Балта шаарында 74,7 сом болууда. АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жыл башынан бери 1,3 сомго, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 1,74 сомго кымбаттаган.

Тэги: новости Кыргызстана дизельное топливо дизельное топливо прирост цен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу