Жыл башынан бери тоо-кен тармагынан бюджетке 26 млрд сом түштү

25.08.2022, 09:02 Акчабар
Жыл башынан бери тоо-кен тармагынан бюджетке 26 млрд сом түштү

Кыргызстандын тоо-кен тармагы 2022-жылдын биринчи жарымында өлкө бюджетине 26 миллиард сом киреше берди. Бул акыркы бир нече жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Тоо-металлургиялык профсоюздун төрагасы Эльдар Таджибаев “Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзунун маалыматы боюнча, жыл сайын тармактын өлкө кирешесине кошкон салымы өсүүдө. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетке 12,9 миллиард сом, 2020-жылы 18,2 миллиард сом түшкөн.

Ошондой эле, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти 35 аукцион өткөргөн. Баштапкы баасы 246 миң доллар менен 870,7 миң долларга сатылган. 1-июлга карата жарактуу лицензиялардын саны 2,4 миң лицензияны түзөт, анын ичинен дээрлик 400 лицензия алтынга болгон.

“Иш-чаранын катышуучулары Тоо-кен кодексинин долбоорун, ошондой эле алтын жана күмүш кендерин казып алуу боюнча долбоорлордо мамлекеттин 30%дан кем эмес үлүшүнө, лицензияны сактап калуу үчүн төлөмдү төмөндөтүүгө, ошондой эле айрым мыйзам актыларына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду, ошондой эле тармактык бөлүмгө караштуу мамлекеттик борбордук лабораториянын үлгүлөрүн анализдөө укугуна артыкчылык берүү жөнүндө талкуулашты”, - деди Эльдар Тажибаев.

Мындан тышкары, ал тоо-кен тармагы өлкөнүн ИДПсынын 10%дан ашыгын түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн 43%дан ашыгын жана өлкөнүн экспортунун 50%га жакынын камсыздаган КР экономикасынын приоритеттүү тармактарынын бири экендигин белгиледи. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсү калкты жумуш менен камсыз кылат, аймактарды өнүктүрөт, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртат.

Тэги: горнорудная отрасль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу