Жыл башынан бери комбанктар валюта аукциондорунда дээрлик 1 млрд доллар сатып алышты

04.10.2021, 11:35 Акчабар
Жыл башынан бери комбанктар валюта аукциондорунда дээрлик 1 млрд доллар сатып алышты

 

Ушул жылдын башынан бери банктар аралык валюта аукциондорунда 173 бүтүм жасалып, анда коммерциялык банктар 915 миллион 660 миң доллар сатып алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан маалым болду.

Соодалардын көбү июнь жана сентябрь айларында өткөрүлгөн - ар бири 22 бүтүм. Мында чет элдик валютанын эң чоң көлөмүн банктар май айында сатып алышкан - 222 миллион 950 миң доллар.

Банктар аралык валюта аукциондорундадолларды сатып алуунун орточо баасы 84,6 сомду түздү. Жыл башынан бери америкалык валюта коммерциялык банктар үчүн 2,1%га кымбаттады, эгер алар 4-январда АКШ долларын 83 сомдон сатып алса, 1-октябрда 84,8 сомго сатылган.

Тэги: доллар США Межбанковские торги валюта банки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу