Ушул жылдын январь-июль айларында мамлекеттик карызды жабууга Кыргызстандын республикалык бюджетинен 21 миллиард 790,9 миллион сом бөлүнгөнүн Экономика жана каржы министрлиги билдирди.
Жалпы сумманын 11,2 миллиард сому тышкы карызды жабууга, 10,6 миллиард сому ички карызга жумшалган.
Тышкы жана ички насыялар боюнча карыздын негизги суммасын жабууга бюджеттен 16,2 миллиард сом сарпталганы, дагы 5,6 миллиард сом кредиттер боюнча пайыздарды жабууга кеткени белгиленди.
Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, июнь айынын аягында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 920.9 млн долларды түзгөн.