Жыл башынан бери Кыргызстан мамлекеттик карыз үчүн 13,1 млрд сом бөлдү

17.06.2021, 09:01 Акчабар
Жыл башынан бери Кыргызстан мамлекеттик карыз үчүн 13,1 млрд сом бөлдү

2021-жылдын январь-май айларында Кыргызстан мамлекеттик карыз үчүн республикалык бюджеттен 13 миллиард 178,1 миллион сом бөлдү, деп билдирди Экономика жана каржы министрлиги.

Алардын ичинен каражаттын көпчүлүгү мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө кеткен. Карыздын бир бөлүгүн жабуу жана үстөк пайызы 8 миллиард 340,7 миллион сомду түздү. Ошол эле учурда, чет өлкөлүк насыялар боюнча пайыздар төлөнгөн сумманын 28% ашыгын ээлейт. Алар негизги ички карызды төлөө менен бирдей суммага барабар болду.

Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 1 миллиард сом аз сарпталган. Бул ички карызды жабуу үчүн бюджеттин кыскарышы менен байланыштуу болгон. Бирок былтыркы жылы ички насыялар боюнча төлөмдөрдүн көлөмү тышкы төлөмдөрдөн ашып түштү.

Тэги: госдолг обслуживание деньги бюджет Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу