Жыл башынан бери Социалдык фонд пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө 29 миллиард сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Соцфонддо каржылоо төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
- Бишкек - 4 млрд 746,9 млн сом;
- Чүй облусу - 4 миллиард 471,9 миллион сом;
- Нарын облусу - 2 миллиард 320,6 миллион сом;
- Ысык -Көл облусу - 2 миллиард 653,2 миллион сом;
- Талас облусу - 1 миллиард 203,3 миллион сом;
- Ош шаары - 1 млрд сом;
- Ош облусу - 5 миллиард 326,7 миллион сом;
- Баткен облусу - 2 миллиард 325,9 миллион сом;
- Жалал -Абад облусу - 4 миллиард 989,1 миллион сом.
Пенсияларды жана жөлөкпулдарды каржылоо 2021-жылдын июлуна карата 4 миллиард 150,7 миллион сомду түздү.
Тэги: Соцфонд пенсия