Өлкөдө социалдык төлөмдөрдүн көлөмү акырындык менен өсүүдө

24.11.2022, 10:48 Акчабар
Өлкөдө социалдык төлөмдөрдүн көлөмү акырындык менен өсүүдө

Быйыл 1-январдан тарта жөлөк пулдарды көбөйтүүнү эске алуу менен жөлөк пулдарга 13,8 млрд сом каралган. Ага ылайык, 1-июндан тарта жөлөк пулдар жогорулатылып, бул үчүн кошумча 2 миллиард сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Ошол эле учурда, 2022-жылдын 10 айында реалдуу секторго 43,5 млрд сом жөнөтүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21 миллиард сомго көп. Өткөн жылы 22,5 миллиард сомду түзгөн. Өлкөнүн коопсуздугун камсыздоого да бир топ каражат жумшалган. 

“Ошол эле учурда мамлекеттик сектордун чыгашалары 8,5 млрд сомго көбөйдү, 27 млрд сом (2021-жылы - 18,5 млрд сом) сарпталган. Бул негизинен эмгек акынын өсүшүнө жана жергиликтүү бюджеттерге каржыны максаттуу бөлүүгө байланыштуу”, - деп түшүндүрдү Каржы министрлиги. 

 

Тэги: новости Кыргызстана Минфин бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу