Жыл башынан бери бюджетке 4,2 млрд сом салык карызы чогултулган

18.10.2021, 15:50 Акчабар
Жыл башынан бери бюджетке 4,2 млрд сом салык карызы чогултулган

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын тогуз айында бюджетке 4 миллиард 224,8 миллион сом салык карызын чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237,2 млн сомго көп болуп, өсүү темпи 41,4%ды түздү.

Салык карызын милдеттүү түрдө өндүрүп алуу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 3 миллиард 615,3 миллион сом өндүрүлгөн. Салык төлөөчүлөрдүн эсептерине 1 миллиард 367,9 миллион сом суммасындагы 1,3 миң салык дооматтары түшүп, анын 392,8 миллион сому өндүрүлгөн.

Ошондой эле, жыл башынан бери 1,6 миллиард сомго 1,1 миң материал сотко берилген. Анын ичинен бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүү үчүн 1,3 миллиард сом суммасындагы 568 материал каралды.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн бюджетке 4,9 млн сом суммасында 2,3 миң айып салынган.

Тэги: ГНС налоговая задолженность

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу