Жыл башынан бери кумшекерге (38 пайыз), унга (20,8 пайыз) жана жылкынын этине (13,7 пайыз) баа эң көп өскөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Мында картошканын (21,7%), тооктун жумурткасынын (7,5%) жана сүттүн (4,3%) өздүк наркы кыйла төмөндөгөн.
Белгилеп кетсек, акыркы үч жылда азык-түлүктүн баасы кескин өзгөрдү. Алсак, 2020-жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнь айына чейин койдун эти эле 49,3% кымбаттады.