Жыл башынан бери Кыргызстандын ички карызы 24,2%га өстү

04.01.2023, 12:34 Акчабар
Жыл башынан бери Кыргызстандын ички карызы 24,2%га өстү

Кыргызстандын ички карызы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 88 миллиард 890 миллион 594,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдирди.

Өлкөнүн дээрлик бардык ички карызынын 99,76%ы 2 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөттөгү казыналык милдеттенмелер аркылуу алынган мамлекеттик насыялар. Акчанын басымдуу бөлүгүн Каржы министрлиги 7 жана 10 жылдык мөөнөткө, тиешелүүлүгүнө жараша 29,6 миллиард жана 25,8 миллиард сом тарткан.

Белгилеп кетсек, мамлекеттик казыналык векселдердин линиясы боюнча ички карыз 213 миллион 848 миң сомго бааланууда. Жыл башынан бери ал 973,2 млн сомдон 78%га азайган. 

Ошол эле учурда, Кыргызстандын ички карызынын жалпы көлөмү жыл башынан бери 24,2%га, же 17 млрд 320,1 млн сомго өстү. Бул мамлекеттик 20 жылдык облигациялардан башка бардык жайгаштыруу мөөнөттөрүндөгү облигациялар боюнча карыздардын көбөйүшүнө байланыштуу.

 

Тэги: новости Кыргызстана внутренний долг бюджет деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу