2019 – жылдын 8 – январынан тарта, 30 –сентябрына чейин алтындын 1 граммга болгон баасы 9.9% же 435 сомго өскөн. Бул маалыматты Улуттук Банктын официалдуу сайты жазып чыкты.
Сентябрдын аягында 1 грамм алтындын баасы 4 миң 852 сомду түзгөн, сатып алуу баасы – 4 миң 827.5 сомду түзгөн.
100 грамм уютма алтынды кармоочулар үстүбүздөгү жылдын акыркы тогуз айынан бери 43 миң 704 сом табышкан.
2018 – жылдын сентябрь айына салыштырмалуу (1 грамм үчүн - 4 миң 133.5 сом) алтын 694 сомго же 16.8% өскөн.