Жыл башынан бери 1,5 трлн сомго камсыздандыруу келишими түзүлдү

18.11.2022, 13:34 Акчабар
Жыл башынан бери 1,5 трлн сомго камсыздандыруу келишими түзүлдү

Быйыл январь- сентябрь айларында ыктыярдуу камсыздандыруунун алкагында 190 миң 24 камсыздандыруу келишими түзүлдү. Бул келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 1 триллион 70 миллиард 43,5 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 1 млрд 469,3 млн сомду түздү.

Келишимдердин басымдуу бөлүгү кырсыктан жана оорудан камсыздандырууга багытталган. Бул багытта 63 миң 316 бүтүм жасалып, анын акчалай суммасы 11 миллиард 303 миллион сомду түздү.  

Эң кымбат камсыздандыруу операциялары жоопкерчиликти камсыздандыруу тармагында болду. Алардын саны 7 миң 136ны түзүп, камсыздандыруунун суммасы 550 миллиард 818,9 миллион сомго бааланды.  

Тэги: новости Кыргызстана экономика страхование Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу