Улуттук банк рублдин сомго карата расмий курсун жарыялады. Ошентип, 26-ноябрдан 27-ноябрга чейин рубль 1,33% төмөндөп, 1,1215 сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.
Ошол эле учурда, ушул жылдын ноябрь айынын башынан бери орус валютасы жалпысынан сомго карата 1,2025 сомдон 6,73%га арзандады.
26-ноябрдан 27-ноябрга чейин рублдин АКШ долларына карата курсу да 1,32% төмөндөгөнүн кошумчалайбыз. Борбордук банктын маалыматы боюнча расмий курс 27-ноябрга карата 1 доллар 75,58 рублди түздү.