COVID-19 пандемиясы башталгандан бери ЕАЭБде 1 миллиондон ашык жаран жумушсуз калды. Буга Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтары күбө.
Ушул жылдын март айынын аягында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жумушка орноштуруу кызматтары тарабынан 2 миллион 96 миңден ашык жумушсуз жаран катталды. Бул жалпы эмгек ресурстарынын 2,3% түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу эки эсеге көп экени белгиленди.
Жумушсуздардын көпчүлүгү Орусияда - 1,7 миллион, эң аз Беларуссияда - 8,6 миң адам катталган. Ал эми Кыргызстанда 79,1 миң, Арменияда - 63 миң, Казакстанда - 197,8 миң жарандын туруктуу иши жок.
Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасы жумушсуздардын жалпы санынын эң көп пайызын түздү.