"Чакан ГЭС" ААКнын жетекчилеринин бири 150 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
"Акчабардын" өздүк булактары билдиргендей, кармалган адам башкы директордун биринчи орун басары Майрамбек Абдыкадыров.
Маалыматка ылайык, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара ("откат") алышкан.
"Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Майрамбек Абдыкадыров УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.