“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын жамааттык келишими 2 жылга узартылды. Бул тууралуу Кыргызстандын тоо-кен металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев билдирди.
Эльдар Тажибаев жетекчилик 2021-жылдын 23-декабрында кызматкерлер менен түзүлгөн жамааттык келишим 2023-2024-жылдар аралыгында күчүндө боло тургандыгын белгиледи.
Буга чейин тиешелүү протокол-макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, келишимдин бардык шарттары, эмгек акы төлөө, эс алуу убактысы, эмгекти коргоо, кызматкерлердин ден-соолугун чыңдоо боюнча милдеттенмелер күчүндө калат, социалдык жеңилдиктер сакталат жана кепилденет.