Кыргызстанда жыл башынан бери ИДПнын көлөмү 3,3 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрага орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстанда январь-сентябрь айларында ички дүң продукт 677 миллиард сомдон ашты. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,3%га өскөн.
ИДПнын көлөмү өнөр жай, тейлөө, айыл чарба жана курулуш тармагынын өсүшү менен шартталган.