Ушул жылдын январь айынан июнь айына чейин Социалдык фонд 35 миң 930 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, июнь айында 4 миң 898 адам пенсияга чыккан.
"Мындан тышкары, Социалдык фонд 746 пенсионердин пенсиясын эмгек стажы, эмгек акысы, билими жана майыптыгы боюнча кошумча берилген документтердин негизинде кайра эсептеп чыкты", - деп жазды Соцфонддун басма сөз кызматы.