Садыр Жапаров эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди (видео)

12.11.2020, 17:30 Акчабар
Садыр Жапаров эжеси Райкүл Жапаровага козголгон кылмыш иши тууралуу айтып берди (видео)

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйын учурунда «Акчабардын» журналистинин суроосуна жооп берип жатып, анын эжеси Райкүл Жапарова банктан мыйзамсыз акча чыгарып кеткен деген маалыматты четке какты.

 




«Мен мурунку вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин менин эжем тууралуу жазган билдирүүсүн окудум. Ал жерде Асрандиевдин өзүнүн толук маалыматы жок, мага оппонент катары жүргөн саясатчы экенин билдим. Менин эжеме тийиштүү бардык иштер саясий буйруктун негизинде болгон. Бул кылмыш иши жашыруун дагы эмес, буйрук менен ачылган. Бул иш боюнча документтерди сиздерге көрсөтүп бере алам. Мен сегиз жылдан бери саясий куугунттукта жүрдүм, мен эле эмес бир тугандарым дагы куугунттукка кабылышкан», - деди Жапаров.

 

 

Эске салсак, мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Жапаров менен бирге иштешүүдөн баш тартып кызматын тапшырган. Ал мунун себебин Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын кезинде мыйзамсыз иш аракеттерге барганы менен байланыштырган. Тагыраагы, 2010-жылдары «Ысык-КөлИнвестБанкты» жетектеген Райкүл Жапарова мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөн деп айыптаган. Асрандиев буга кошумча андай иштердин башында Максим Бакиев турарын жана бул боюнча Садыр Жапаровдо дагы маалымат бар экендигин айткан.

Тэги: Садыр Жапаров Райкүл Жапарова Эркин Асрандиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу