Садыр Жапаров Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөнүн жарыялады

05.04.2022, 09:16 Акчабар
Садыр Жапаров Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөнүн жарыялады

Президент Садыр Жапаров кечээ, 4-апрелде түз эфирде кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кени толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жарыялады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө “Центерра” менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду.

“Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз – Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык. Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү! Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек! Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!”,- деди Жапаров. 

Мамлекет башчысы мындан тышкары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык экенин, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикага тиешелүү экенин айтты.

Тэги: Кумтөр алтын кени Центерра

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу