Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектептерде акча талап кылбоо тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Фейсбук” баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди.
Мектепке алынуучу каражаттар республикалык бюджеттен каржыланат.
Эскерте кетсек, 24-февралда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.