Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында сүйлөп жатып, 2022-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү убада кылды.
“Мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият ишмерлеринин айлыгын көтөрө алдык. 1-августтан тарта калгандарынын айлыктары көтөрүлөт. Кудай буюрса, мугалимдердикиндей бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрөбүз”, - деди ал.
Ал кошумчалагандай, быйыл медициналык мекемелерди жана мектептерди курууга 13 миллиард сом бөлүнөт, бул 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп.