Түрк маданияты жана мурасы фонду жөнүндөгү протокол ратификацияланды

09.11.2021, 14:48 Акчабар
Түрк маданияты жана мурасы фонду жөнүндөгү протокол ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк маданияты жана мурасы фондунун бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы боюнча протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамдын максаты протоколду ратификациялоо аркылуу мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

"Бул макулдашууга ылайык жогоруда аталган фонддун бюджетинин отчеттуулугу жана аткаруусу, каржылоо булактары аныкталат. Фонд түрк маданияты менен мурастарын сактоо, изилдөө жана жылдыруу үчүн иш-чараларды, долбоорлор жана програмаларды колдоого алып жана каржылайт. Түрк маданияты жана мурастарын калыбына келтирүү жана илгерилетүү, коргоо жана калыбына келтирүү максатындагы илимий жана техникалык, каражат бөлүү маселелерин чечүүгө көмөктөшөт", - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Садыр Жапаров ратификация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу