Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын кыскартты

02.12.2021, 13:46 Акчабар
Садыр Жапаров депутаттардын айлыгын кыскартты

Садыр Жапаров "Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды, атап айтканда, парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү.

Ошентип:

  • Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом өлчөмүндө аныкталсын;
  •  Вице-спикерлер – 27 миң сом:
  • парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына - 26 миң сом:
  • депутаттарга - 25 миң сом.

Жарлыктын максаты - республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү абалды жакшыртуу механизми камтылган, ал эми иш жүзүндө эч кандай каражат жумшалбайт.

Жарлыкта республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу каралган. Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Бул Жарлык менен компенсациялар жана кызматтык унаалар алынып салынды, ал эми колдо бар кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт.

Тэги: Депутаты ЖК зарплаты компенсации Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу