Президент Садыр Жапаров эртең, 5-майда референдумда кабыл алынган жаңы Конституцияга кол коет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын өкүлдөрү - Жогорку Кеңештин депутаттары, судьялар корпусунун өкүлдөрү, өлкөнүн Өкмөтү, коомдук ишмерлер катышат.
Иш-чара саат 10: 00дө башталып, Коомдук телерадиоберүү корпорациясы тарабынан түз эфирде көрсөтүлөт.