“Кайыңды-Кант” ААК кант заводу активдеринин 10 жана андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүм жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.
Тактап айтканда, компания 9-декабрда KICB менен 5 млн насыя алуу боюнча келишим түздү.
Келишимдин шарттарына ылайык, акча “Кайыңды-Кант” кант заводуна 12 айга берилет. Насыянын үстөк пайызы көрсөтүлгөн эмес.