"Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому көлөмү ишкананын активдеринин 10 пайызына же андан көп болгон бүтүмдү жарыялады.
Муну менен "Кайыңды-Кант" заводу KICB банкынан ишкананы өнүктүрүү үчүн кредит алды. Насыянын суммасы 2 миллион долларды түздү.
Белгилей кетсек, кредиттик келишимдин шарттарына ылайык, бул каражаттар АКШ валютасында жылдык 8% менен тартылган. Каржылоо мөөнөтү 12 ай.