Кыргызстан менен Казахстандын көчөттөрү менен жемиштери Россияга киргизилген жок

06.03.2019, 10:19 Акчабар
Кыргызстан менен Казахстандын көчөттөрү менен жемиштери Россияга киргизилген жок

Россиянын  Оренбург облусу боюнча айыл чарба азыктарын көзөмөлдөө Башкармалыгы  ( ФСБ ) Федералдык Коопсуздук кызматы менен биргеликте орус-казак чек арасында карантинге туш болгон жогорку фитосанитардык тобокелдиги бар Кыргызстан менен Казахстанга тийешелүү жүктү чек арадан тогуз жолу мыйзамсыз киргизүү аракетти катталган деп билдирет бул кызматтын маалымат сайтында. 

Россиялыктардын малыматына таянсак, фитосанитардык көзөмөл маалында 40 тонна пияз, 20 тонна алма, 20.2 тонна жаңгактар, кактар жана жер жаңгактар, ошондой эле   359.5 миң розанын, алманын, кара өрүк, шабдалы,гиластын жана тыттын көчөттөрү сертификатка туура келбейт деп таанылган.  Мындан тышкары, көчөттөр атайын маркировкасы жок чыгарылган. 

Сапатын, өндүрүлгөн аймагын тастыктабаган фитосанитардык сертификаты жок апельсины  менен  пекин капустасы  (1.7 тонна) жана 2.5 миң жүзүмдүн көчөттөрү дагы кармалды.

Карантин тууралуу мыйзамга ылайык жогорудагы продукциялар Россияга киргизүүгө тыюу салынды. Окуяга күнөлүү адамдар административдик жоопко тартылышты. 

Тэги: саженцы экспорт Казахстан Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу