Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүндө болуп, жаңы сатылып алынган эки брахи аппаратынын иштеши менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жабдуулар жалпысынан 1 миллион 400 еврого сатылып алынган. Аталган аппаратты талапка ылайык колдонуу үчүн адистер атайын окуудан өтүштү.
Ошондой эле, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева борбордун поликлиникасын оңдоо иштерине бюджеттен 31 миллион сом бөлүнгөнүн, имаратты оңдоп-түзөө иштери жакынкы аралыкта башталаарын билдирди.
Ошондой эле, Султангазиева Улуттук онкология жана гематология борборунун брахитерапия бөлүмүндө жыл сайын гинекологиялык оорулар менен жабыркаган 300 аял дарыланарын, аталган аппараттар бейтаптар үчүн эң керектүү жабдуу экенин баса белгиледи.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане