Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине дагы 2 млн сом которулду

15.04.2020, 10:00 Акчабар
Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине дагы 2 млн сом которулду

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 15-апрелге карата 125 млн 24 миң 610 сом топтолду. COVID-19 менен каршы күрөшүү үчүн топтолгон каражаттар тууралуу маалыматты  help.covid.kg сайтынан алса болот. 

Анын ичинен бүгүнкү күндө 4.78 млн сом коротулду. Жумшалган каражаттардын басымдуу бөлүгү медицина кызматкерлеринин эмгек акысына компенсация катары кошумча төлөнүп берилген.  Эки күндүн ичинде чыгашанын көлөмү - 200 миң сомду түзгөн. 

Эске сала кетсек, 13-апрелге карата эсепте топтолгон каражаттын суммасы 123 млн дон ашык болгон. 

Кошумчалай кетсек, коронавирус менен каршы күрөшүү үчүн эмгек жана социалдык өнүгүү жана Бишкек шаарынын мэриясынан эки эсеп ачылган. 

Соцөнүгүү министрлиги эсепке түшкөн каражаттын 4.37 млн сомун тиешелүү жакка жумшаганын билдирген. Маалыматка ылайык, 3.6 млн сом аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк алуу үчүн коротулган. Бишкек мэриясы тарабынан 792.5 миң сомго шаардыктарга жардам катары азык-түлүк таратылган. 

 

 

 

Тэги: Саламаттык сактоо министрлиги атайын эсеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу