Саламаттык сактоо министрлиги менен ДСУ жети жылдык келишимге кол койду

15.11.2023, 15:00 Акчабар
Саламаттык сактоо министрлиги менен ДСУ жети жылдык келишимге кол койду

Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2030-жылга чейинки 7 жылдык кызматташтыктын биринчи өлкө стратегиясына кол коюшту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, документ үч стратегиялык жана жети приоритеттүү багытты камтыйт.

Стратегия алгачкы медициналык жардамды чыңдоо, ВИЧ/СПИД, кургак учук, иммунизация, энелердин, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана балдардын ден соолугун коргоо сыяктуу тармактарда медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

“Жүрөк-кан тамыр оорулары, психикалык ден соолук, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, микробго каршы туруктуулук, экологиялык ден соолук жана химиялык коопсуздук, айыл жергесине адам ресурстарын тартуу, маалыматтарды санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат”, - деп айтылат маалыматта.

 

Тэги: ДСУ саламаттык сактоо коомдук саламаттык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу