Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 менен күрөшүү үчүн 3,5 млн сомго керексиз дарыларды алган

02.03.2021, 12:20 Акчабар
Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 менен күрөшүү үчүн 3,5 млн сомго керексиз дарыларды алган

Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19дун биринчи толкуну учурунда мамлекетке 3 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, коронавирус менен күрөшүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине Калидавир препаратын алуу үчүн бюджеттен 3,5 млн сом бөлүнгөн. Дары-даремек алуу үчүн атайын «М» фармкомпаниясы менен министрлик тарабынан келишим түзүлгөн. Бирок, сатып алынган дары-дармектер бүгүнкү күнгө чейин эч бир медициналык мекемелерге таратылбастан министрликтин кампаларында жаткандыгы аныкталды.

Андыктан, Саламаттык сактоо министрлигинин ошол маалдагы жетекчилиги жана башка кызмат адамдары тарабынан жогорудагы Калидавир препаратын сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 3,5 млн сом мыйзамсыз сарпталып, натыйжада мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирилген.

Жогорудагылардын негизинде, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тэги: COVID-19 министрлик дары-дармек бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу