Соцөнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган эсепке 15 млн 100 миң сом топтолду

21.04.2020, 17:15 Акчабар
Соцөнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган эсепке 15 млн 100 миң сом топтолду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган депозиттик эсепке 15 млн 100 миң сом түштү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

 

Анын айтымында, аз камсыз болгон жарандарга колдоо көрсөтүү максатында ачылган атайын эсепке 15 млн 100 мин сом келип түштү.

«Ал каражатты максаттуу бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Мындан тышкары 1227 кыска номери жарандарыбыздын кайрылууларын кабыл алып жатат», - деп баса белгиледи вице-премьер.

Исмаилова белгилегендей, гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө көмөк көрсөтүп жаткан ыктыярчылар менен жолугушуулар болуп өттү.

«Учурдан пайдаланып калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардамды жеткирүүгө активдүү катышып жаткан ыктыярчыларга өзгөчө ыраазычылык билдирем. Кечээ жакында алар менен жолугуп, уюштурулуп жаткан иштер боюнча талкуу жүргүздүк. Кандай көйгөйлөр бар экендигин угуп, азыркы учурда ошол боюнча иштерди алып барып жатабыз. Мындан ары дагы ыктыярчылар менен жолугушуулар болуп турат», - деп кошумчалады ал.

Тэги: атайын эсеп Аида Исмаилова брифинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу