Быйыл январь-май айларында саламаттык сактоо тармагына бюджеттен 10,6 млрд. сом бөлүндү. Тактап айтканда, бул көрсөткүч жылдык пландын 36,9%ын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүсү жылдык планга карата 1,7 млрд. сомду же 36,0%ды түздү, анын ичинде:
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 8,5 млрд. сом бөлүнду же 36,5%ын түздү, анын ичинде камсыздоо боюнча гемодиализ кызматтарына 883,5 млн. сом жумшалды.