Салык кызматы жергиликтүү бюджеттин планын ашыгы менен аткарды

18.01.2020, 09:00 Акчабар
Салык кызматы жергиликтүү бюджеттин планын ашыгы менен аткарды

Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы жергиликтүү бюджетке 17 млрд 518,7 млн сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 101,3 пайызды түзүп, 231,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2018-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 2 млрд 845,7 млн сомго же 19,4 %га жогорулаган.

Мындан тышкары, бул мезгилде 2 млрд 950,1 млн сом суммасында мүлк жана жер салыгы чогултулган. Анын ичинде 842,9 млн сому транспорт салыгы (104,4 %га аткарылды), 878,5 млн сом кыймылсыз мүлк салыгы (107,5%), 1 млрд 228,7 млн сом жер салыгы (111,3%).

 

 

Тэги: салык бюджет КР жергиликтүү бюджет план

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу